У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан кыздын сөөгү тоодон табылды


Кеминде бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан жаш кыздын сөөгү тоодон табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, Т.Э. атту 24 жаштагы кыз 6-февралдан бери дайынсыз болуп жаткан. 3-март күнү милицияга жергиликтүү тургундардан тоодон кыздын сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. 
 
«Жерине тергөө-ыкчам тобу барып, маркумдун өздүгүн такташкан. Ал ушул жылдын 6-февралында дайынсыз жоголгон 1999-жылы туулган Т.Э., болгон. Сөөктү кароо учурунда зомбулуктун белгилери табылган эмес»,-деп айтылат маалыматта.
 
 Учурда тергөө иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter