У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмазбек Карасартов: Кыргыз армиясында “дедовщина” жок деп кепилдик бере алам


 Кыргыз армиясында “дедовщина” жок. Бул тууралуу Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов 28-февралда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
 
«Кээ бир мыйзам бузуулар бар, аларды жоюу үчүн иштеп жатабыз», - деди ал.
 
Депутат Русланбек Жакышов аскер кызматкерлери арасындагы суицид боюнча суроо узатты.
 
«Аскерде өз жанын кыйган фактылар боюнча тергөө амалдары болгон. Жыйынтыгында бул үй-бүлөлүк кырдаалдан улам болгон деген бүтүмгө келишкен. Жетекчилер жазага тартылды», - деди Карасартов.
 
Ошондой эле ал альтернативдик кызматтын кымбатташына байланыштуу эл арасындагы айтылып жаткан сөздөргө жооп берди. 
 
«Альтернативдик кызматы 300 миң, 500 миң сомго көтөрүү бул жөн эле талкуулар. Расмий билдирүү же буйрук жок», - деп түшүндүрдү министрдин орун басары.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter