У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


2021-жылы Кыргызстанда 88 өспүрүм өз жанын кыйган


 Кыргызстанда 2021-жылы 88 өспүрүм өз жанын кыйган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ИИМдин өспүрүмдөр менен иштөө башкармалыгынын башчысы Нуржан Адылова билдирди.
 
Анын айтымында, 2020-жылы 98 учур катталган.
 
«2019-жылы 62 өспүрүм өз жанын кыйган, 2020-жылы - 98, 2021-жылы - 88. 2022-жылы бир өспүрүм өз жанын кыйган. 2021-жылы суициддердин көбү Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталган. Быйылкы жылы Ош шаарында болгон акыркы окуя боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Милиция 13 жаштагы баланын өз жанын кыйган себептерин иликтеп жатат», - деди Нуржан Адылова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter