У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мончодогу өспүрүмдү зордуктоо иши боюнча Алтай Республикасынан жооп келди

Россиянын курамындагы Алтай Республикасынын ички иштер министрлиги мончодогу өспүрүмдү зордуктоо Алтайда болгонун тастыктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. 
 
Жоопто көрсөтүлгөндөй, 2020-жылы 29-июлда интернет социалдык тармагына, тактап айтканда WhatsApp мессенджерине мониторинг жүргүзүү учурунда, Алтай Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жаш жигиттин зордук-зомбулук көрсөткөн видеотасмасын тапкан.
 
Маалыматка ылайык, окуя 2020-жылдын июль айында Алтай Республикасынын Кош-Агач айылында болгон.  
 
20- жылдын август айында кылмышка шектүү жана зордуктоого кабылган өсүпүрүмдүн өздүгү аныкталып, Россия Федерациясынын Жаза кодексинин 91-беренесине ылайык шектүү камакка алынган.

 
Ошол эле учурда Россиянын Тергөө комитетинин Алтай аймагы боюнча тергөө бөлүмүнүн башчысынын улук жардамчысы Людмила Рязанцева 24.kg агенттигине «Алтай аймагында жашы жете элек эки баланы зордуктоо иши жана кыргыз сегментиндеги ыкчам мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу таркатылган зомбулуктун видеосу бири-бирине байланыштуу эмес», -деп билдирди.  
 
Анын айтымында, жашы жете электерге карата зомбулук көрсөткөнү үчүн соттолгон адам орус улутундагы адам болгон. 
 
«Иште фото же видео материалдар жок. Аны видеого тарткан үчүнчү жактар болгон жок. Эгер видео кандайдыр бир жерде пайда болсо, биз буга тиешеси барларды таап, аларды жазалайт элек. Окуя алыскы айылда болду деп айтсак болот. Соттолгон адам мас абалда болгон жана аны сынап көрүүнү чечкен, атайылап аракет болгон эмес. Сиздин социалдык тармактарда жайылтылып жаткан нерсе биздин кылмыш ишибизге тиешеси жок ”, - деди Людмила Рязанцева.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter