У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чүйдө баласы апасына бензин чачып өрттөп жиберди

Чүйдүн Жайыл районунда апасынын өлүмүнө шектелип баласы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-март күнү саат 06:30 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Арал айылында аялдын жансыз денеси табылганы боюнча маалымат келип түшкөн. Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, үйлөрдүн биринде 1940-жылы туулган З.Г. аттуу аялдын жансыз денеси табылган.

Териштирүү иштеринин натыйжасында шектүү катары аялдын 1977-жылы туулган баласы кармалган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү апасына бензин чачып өрттөп жибергенин моюнга алган. Алдын ала маалыматтарга караганда шектүү психикалык жактан жабыркап келет.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тийиштүү экспертиза дайындалды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter