У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түркия куткаруу иштерин токтото турганы айтылды


 Түркия жер титирөөдөн улам урандылар астында калган жарандарды издөөнү токтотот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлунун билдирүүсүнө таянып айтты. 
 
Ал Түркиянын куткаруу иштерин токтотуп жатканын айтты.
 
«Расмий түрдө 130 имарат урап, 37 миң адам каза болгон. Бирок каза болгондордун саны болжолдуу түрдө 120-130 миң адам болушу мүмкүн. Бир күн мурун Ички иштер министри Сулейман Сойлу куткаруу иштерин токтотууга чакырган. Акыркы күндөрү куткарылган жарандардын көпчүлүгүнүн абалы өтө оор болуп жатканы куткаруу иштерин токтотууга себеп болгон. Алар аман калабы же жокпу деген суроо туулат», - деп кошумчалады Бообек Ажыкеев.
 
Ошондой эле ал, Түркиядагы жер титирөөдө көп кабаттуу үйлөрдүн кулашына  сапатсыз курулуш негиз болгон. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter