У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзгөчө кырдаалдар министри: "Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда экологиялык талаптар сакталбай жатат"


Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) Бообек Ажыкеев Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда экологиялык талаптар сакталбай жатканын айтты. 

Министр мындай пикирин өкмөт башчы Улукбек Марипов тийиштүү мамлекеттик органдардын катыщуусунда үй куруучулар менен бирге өткөргөн көчмө жыйында билдирди.

Мен архитектор жана курулушчуларга суроо бергим келет. Биздин шаарды эмнеге айлантып салдыңар? Тротуар жок, жол куушурулган. Түтүн! Шаарда жашаган мүмкүн болбой калды. Жашыл аймактар такыр жок, имараттын кооздугу үчүн дарактарды кыйып жатасыңар. Шаар шамалдабай калды. Эгерде мыйзам бузуу болсо дароо токтотуш керек”, - деди министр.

Ажыкеев көп кабаттуу үйлөрдөгү курулуштардын сапаты начар экенин белгилеп, имарат курууда бирдиктүү архитектура киргизүүнү сунуштады.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter