У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


АКШда коронавирустан каза тапкандардын саны азая баштады


Коронавирустун айынан каза тапкандардын саны боюнча АКШ дүйнө жүзүндө биринчи орунга чыккан. Бактыга жараша акыркы  суткада жоготуулардын саны азайды. Бул тууралуу Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо жергиликтүү телеканалдардын бирине маалымдады. Маалыматка ылайык, акыркы суткада жаман илдеттен көз жумгандардын саны 26 адамга кыскарган.

"Мурунку күнү 778 киши каза болсо, акыркы суткада 752 адам дүйнө салды. Алардын 707си оорканада жан берсе, 45и карылар үйүндө көз жумду" дейт губернатор. Ошондой эле абал аз-аздан турукташа баштаганын кошумчалап, жоготуулар кескин азайганда, тесттер жетишээрлик деңгээлде алынып келингенде гана өзгөчө абал учурундагы чектөөлөр алына баштаарын айтты. Абалдын турукташа баштаганына дарыгерлердин эмгеги зор экенине токтолуп, ыраазчылылыгын билдирди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter