У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


АКШ коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча алдыга чыкты

АКШда коронавирусту жуктуруп алгандар 85 миң кишиге жетип, дүйнө жүзү боюнча илдет аныкталгандардын саны боюнча биринчи орунга чыкты. Америка жугуштуу илдет башталган Кытайдан өтүп кетти.

АКШда бул илдеттен өлгөндөрдүн саны 1200 киши. Бейшемби күнү 150 киши көз жумуп, 10 миң кишиден коронавирус аныкталды.
Коронавирус Американын бардык штаттарынан аныкталып, Нью-Йоркто 37 миңден ашык киши бул илдетке чалдыкты.

Нью-Йорктун губернаторы Эндрю Куомо штатта медициналык мекемелерге күч келээрин билдирди. Бейтаптарга жасалма дем алдыруучу аппараттар тартыш болушу мүмкүн экенин белгиледи. Американын бир нече штатында жана Нью-Йоркто карантин жарыяланды.

АКШ Сенаты коронавирустан улам жабыркаган ишканаларга, элге, саламаттык сактоо системасына колдоо көрсөтүү үчүн 2,2 триллион доллар бөлүүнү караган мыйзам долбоорун бир добуштан жактырды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter