Муфтият аялдарды сүннөткө отургузуу тууралуу билдирүүгө жооп берди
- 05.09.2022, 17:27,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы саясатчы Феликс Куловдун аялдарды сүннөткө отургузуу тууралуу билдирүүсүнө жооп берди.
Буга чейин саясатчы Саламаттыкты сактоо министрлигинен жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан өлкөдө катталып жаткан аялдарды сүннөткө отургузуу фактыларына жооп берүүнү суранган.
Муфтияттын айтымында, ханафий мазхабында аялды сүннөткө отургузуу түшүнүгү жок.
Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда аялдарды сүннөткө отургузууга тыюу салынганын билдирди.