У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Феликс Кулов: "Садыр, мени интригаларга жана жалгандарга аралаштырба"

Садыр Жапаров  кечээ, 23-ноябрда 7-каналга маек берип жатып  "Өмүрбек Текебаевдин орусиялык ишкер Леонид Маевскийден "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алганы чын" деп айткан. Ошондой эле бул маалыматты бардык саясий элиталар, керек болсо Феликс Кулов да тастыктай ала турганын билдирген.


Бүгүн, 24-ноябрда саясатчы Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу аталган билдирүүгө жооп берди:

"Азыр мага Садыр Жапаровдун сөзүн айтышты. Мен жөнүндө айтылган бул сөздөр эмнеге негизделгенин билбейм, бирок тергөө учурунда жана сотто ант берип айткандарымды гана кайталай алам. Менден 2010-жылы 21-декабрда Текебаев кайда деп сурашкан, анткени Маевский ошол күнү парламенттин имаратында Текебаев менен жолуккан.

Ошондуктан, биз аны издеп жатканбыз, бирок ал жумушта жок болчу, мага ал туулган күнүн белгилөө үчүн кеткен деп кабарлашкан. Эсимде, ушул маалда мен Текебаев улуу адам экен, ал 21-декабрда Сталин менен бир күндө төрөлгөн экен деп тамашалагам. Бирок кийинчерээк анын туулган күнү 22-декабрь деп айтышты.

Жалпысынан биз аны тапкан жокпуз жана “Ата-Мекен” фракциясы менен биздин “Ар-Намыс” фракциясы анда оппозициялык коалиция түзгөн эмес. Мен бул датаны кокустан жаттап алып, анын ишине күбө болуп калдым. Эми Садыр Жапаровдун бүтүндөй саясий элита деген билдирүүсүнө токтолсок, бардык депутаттар Текебаевдер миллион доллар алгандыгын, анын ичинде ал өзү дагы тастыктай алаарын билишкен. Мейли бул боюнча сотко кайрыл, жарандык милдетиңди аткар жана ошол жерде керектүү далилдерди бер, бирок мени интригаларга жана жалгандарга аралаштырба деп айткым келет", - деген Кулов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter