У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Муфтияттын башкы бухгалтери кармалды. Ал УКМКнын кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуш кылган


 
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгындагы каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. 
 
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы уюмдарына 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыя берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен жеке максаттарына жумшагандыгы тастыкталды.  
 «Бул каржылык операциялар ачыкка чыккандан кийин Дин башкармалыгынын жетекчилиги табылган фактыларды жашырып, тергөө иштерин токтотуу үчүн УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуштаган. 9-февралда бул факты сотко чейинки өндүрүшкө Жазык кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) бюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, ошол эле күнү муфтияттын башкы эсепчиси УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалган», -деп жазылат маалыматта. 
 
Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter