Улуттук баалуулуктарды даңазалоочу бир катар улуттук долбоорлорду өткөрүп келе жаткан Дана Абдыбекова уюштурган "Ак мөөр fest" фестивалы төртүнчү жолу 24-июлда Ысык-Көлдө өтүп жатат. Иш -чараны Маданият маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов ачып, мамлекет катчы Сүйүнбек Касмамбетов сөз сүйлөдү.
"Ак Мөөр fest" алкагында 40 лидер айымга сыйлык тапшыруу, сулуулар конкурсу, этно көргөзмөнүн жыйынтыгы, гала- концерт болот. Мындай сырткары байгелүү оюндар ойнотулат. Баш байгеге автоунаа коюлду.