У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эмдөөдөн өтсөӊ автоунаа утасыӊ. Өзбекстанда коронавируска каршы эмделгендердин арасында баалуу байге ойнотулат


Өзбекстанда коронавируска каршы эмделген жарандардын арасында баалуу байгелер, тактап айтканда, автоунаа ойнотулат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Сынакка 2022-жылдын январь, февраль жана март айларында эмдөө сертификатын алган өлкөнүн жарандары катыша алат.
 
Автоунаанын кайсы модели ойнотула турганы азырынча тактала элек.
 
Кошумчалай кетсек, Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги иш берүүчүлөрдөн 20-январга чейин кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү суранды, ошондой эле эмделбегендерди жумушка чыгарбоого чакырды.
 
Буга чейин бюджеттик мекемелерде эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлер мындан ары ишке киргизилбей турганы айтылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter