«Ихсан» жана «S-line» кооперативдерине алдангандардын акчалары кайтарылат
- 18.07.2022, 11:44,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
«Ихсан» жана «S-line» турак жай кооперативдерине көп жарандар алданган. Бул тууралуу бүгүн,18- өткөн маалымат жыйынында Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков билдирди.
Анын айтымында, кармалган шектүүлөрдүн бардык эсептери жана мүлкү соттун чечими менен камакка алынган.
«Бул кооперативдердин эсептери да камакка алынган. Соттун чечими менен бардык жабырлануучуларга келтирилген зыян бул каражаттын эсебинен өндүрүлөт», - деп белгиледи ИИМ башчысы.