У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


3 айдын ичинде турак-жай кооперативдерине 139 жаран алданган, чыгымдын жалпы суммасы 66 млн. сомду түздү


 2022-жылдын 3 айында кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен сотко мындан аркы териштирүүлөрдү жүргүзүү үчүн 37 кылмыш ишинин материалы жөнөтүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 
 
 Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыр тарткан жарандардын саны 139 түзөт. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 66 млн. 641 миң сомду түзөт.
 
“Белый дом КейДжи” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 37 кылмыш иши козголгон. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 11 миллион сомду түзөт.  Кооперативдин шектелген директору абакка камалган. 
 
“Биринчи турак жай” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча азыркы учурда 1 кылмыш иши иликтенүүдө. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 16 миллион сомдон ашык. Арыз менен 30 жаран кайрылган. 
 
“S-Line” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 19 кылмыш иши иликтенип жатат.  Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 35 миллион 400 миң сом. Милицияга арыз менен 54 жаран кайрылган. 
 
Андан сырткары, “Ихсан Групп ЛТД” коопертивинин ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Жарандарга келтирилген чыгымдын жалпы суммасы такталууда.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter