У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Ихсан» кооперативинин директорлор кеңешинин төрагасы кармалды

  
«Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин директорлор кеңешинин төрагасы кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай курулуш кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына карата 209 (алдамчылык), 210 (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) беренелери боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

«Март айынын башынан бери республиканын бардык аймактарынан кооперативге кирген жарандардан көптөгөн кайрылуулар келип түштү. Кыргызстандыктар кирүү акысын – 4 жана 7 пайызын, ошондой эле сатып алынуучу мүлктүн наркынын 25-35 пайызын жана 50 пайызын баштапкы төлөмдөрдү төлөштү. Бирок алар турак-жай, автоунаа алышкан эмес. Мүчөлүктөн баш тарткан жарандар өз акчасын кайтара алышпайт», — деп билдирди министрлик.

Келтирилген чыгымдын суммасы 121 миллион 313 миң 950 сомду түздү.

11-июль күнү «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативинин директорлор кеңешинин төрагасы 1975-жылы туулган Б.А., кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Ички иштер министрлиги кыргызстандыктарды “Ихсан Групп ЛТД” кооперативине кирбөөнү суранат. «Финансы пирамидасынын белгилери бар, салынган каражаттар кайтарылбай калышы мүмкүн. Кыраакы болгула", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, бул кооперативди аалым Садыбакас Доолов реклама кылган жайы бар... Аалымга ишенип турак-жай алабыз деген канчалган адамдар жабыр тартышты...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter