У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Акыркы коӊгуроо» салтанаттын өткөрүүдө акча чогултууга тыюу салынат


Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен “Акыркы коңгуроо” салтанатын өткөрүүдө акча чогулутууга тыюу салынат. Бул тууралуу Билим берүү министрилигин басма сөз кызматы билдирди.  
 
“Акыркы коңгуроо” салтанатын уюштуруу жана өткөрүүдө окуучулардан жана алардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултууга катуу тыюу салынат. Ошондой эле бул күнү мектептин айланасында ачык отту, күйүүчү, пиротехникалык жана башка травматикалык заттарды колдонууга тыюу салынат.
 
Окуучулар жана алардын ата-энелери «Акыркы коңгуроо» салтанатында  коопсуздук эрежелерин жана коопсуздук чараларын сактоонун зарылдыгы боюнча жол-жоболор менен таанышуусу кажет. 
 
Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү укук коргоо кызматкерлери менен бирдикте окуучулардын өздүк коопсуздугун сактоону камсыздоодо ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter