Жамалбек Ырсалиевдин ордуна Олег Попиков вице-мэр болуп дайындалды
- 10.05.2022, 15:53,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Олег Попиков Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда мэриядан кабарлашты.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Ал Жамалбек Ырсалиевдин ордуна дайындалды.
Олег Попиков — Бишкек шаардык кеңешинин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутаты. 2013-2014-жылдары борбордун вице-мэри болуп иштеген.
2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын сентябрына чейин вице-мэр болуп иштеген Жамалбек Ырсалиев «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп дайындалды.