«Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалышы мен үчүн күтүүсүз болду», - деди мэр Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйынында.
Ал белгилегендей, буга чейин муниципалитетте иштеген, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон, ошондуктан мэрдин иш менен тааныш.
«Мен Бишкектин айыл эмес, шаардай болушун каалайм. Мэр деген жооптуу кызмат экенин жакшы түшүнөм. Бул бийлик эмес, жоопкерчилик», - деди ал.
Эмилбек Абдыкадыров кесипкөй кадрларга таянарын белгиледи.
«Бул жердеш, тууган, классташ эмес, кесипкөйлөр иштеши керек деген позициям. Ошондо гана өнүгүү болот», - деди ал.