Элибиздин башына оор сыноо келгенде ыры, таланты менен эле калкты кайраттандырып, жан дүйнөсүнө азык бербестен, материалдык жактан да колдоо көрсөтүп, кыйын кезеңде муктаждарга жардам берем деп өз өмүрүн тобокелге салган өнөр адамдарынын арасында КР эмгек сиңирген артисти, эл сыйлаган талант Алтынай Нарбаева да бар. Ырчы менен түз эфирде баарлашуу үчүн байланышканыбызда кеч кирип калганына карабастан, элге кайрымдуулук кылып жүргөн жеринен түз эфирге чыгып, маек берди. Сөз арасында жардам сураган элдин саны абдан көп экенин айтып, колунда бар мекендештерибизди муктаж үй-бүлөлөргө жардам кол сунууга чакырды.
00:00
00:00
Update Required To play the media you will need to either update your browser to a recent version
"Кыйынчылыктан жетелешип тезирээк чыгып кетели. Биз кандайдыр бир фонддон же Өкмөттөн жардам алып, элге таратып жаткан жерибиз жок. Өз чөнтөгүбүздөн каражат чыгарып, "Өзгөн өнөрпоздору" жана башка таланттуу, кайрымдуу инсандар менен бирге кыйналгандарга жардам берүүдөбүз. Мындай оор кырдаалда үйдө тынч отура алган жокмун", - дейт ырчы айым.