Ошто аялын сабаган жаран тогуз суткага камакка алынды
- 27.04.2022, 15:19,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Ошто аялын системалуу түрдө сабаган адам тогуз күнгө камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, буга чейин Төлөйкөн айылынын 41 жаштагы тургуну мас абалында аялын бир нече жолу сабап, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, буга чейин ага эки жолу эскертүү берилген.
Тергөөнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренеси «Үй-бүлөлүк зомбулук» менен козголгон иш Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилди. Сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, аны тогуз суткага камакка алуу чечимин чыгарган.