У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто ата-энесинин үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан келиндин сөөгү табылды


Ош облусунун Кара-Суу районун Ынтымак айылында 22 жаштагы келиндин сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат каражаттарына кабарлады.
 
Маалыматка ылайык, милицияга 20-апрель күнү саат 10:00дор чамасында Кара-Суу районундагы талаадан аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Маркум 14-апрелде жолдошунун Ынтымак айылындагы үйүнөн ата-энесиникине келген. Маркумдун ата-энеси Алай районунда Жаӊы-Алай айылында жашайт. Ал ата-энесинин үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Кыздын ата-энеси, жакындары маркумдун дайынсыз болуп жатканы тууралуу арыз менен милицияга кайрылган эмес. 
 
Аталган окуя Ош ОИИБдин электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган. Териштирүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери маркумдун өздүгүн аныкташкан. Ал 2000-жылы туулган Алай районун тургуну М. кызы А. экендиги такталган. 
 
Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
 
Маркумдун жакындарынын айтымында, ал ата-энесинин үйүнө барганда көйгөйлөрү туурасына айткан эмес жана зордук-зомбулук же ур-токмокко алуу белгилерин байкашкан эмес. Ошол эле күнү ал үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
 
Маркумдун артында эки баласы калды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter