У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кантта жашы жете элек кызды зордуктоого 15 жаштагы өспүрүм шектелүүдө


  Ысык-Ата районунда 15 жаштагы өспүрүм 15 жаштагы мектеп окуучусун зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалым болгондой, 18-апрелде 39 жаштагы К.Н. милицияга арыз менен кайрылган. Ал 24-февралда Канттагы мейманканалардын биринде жашы жете элек кызы менен жыныстык катнашка барган 15 жаштагы өспүрүмгө чара көрүүнү суранган.
 
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери жашы жете элек кызды суракка алышкан. Кыз ал менен 2021-жылдын октябрь айында  «Telegram» аркылуу таанышканын, ошондон бери алар кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүшкөнүн айткан. 2022-жылдын 24-февралында саат 13.00дөр чамасында алар жолугушуп, жигити кыздын мас абалынан пайдаланып шаардагы мейманканалардын бирине чакырып, жыныстык катнашка барган. Кылмышка шектүү катары Кант шаарынын тургуну 15 жаштагы К.А.  кармалган. Сурак учурунда ал кыздын макулдугу менен жыныстык катнашка барганын билдирген. 
 
«Иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Экспертизалар дайындалды», - деп билдиришти министрликтен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter