У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент чек ара окуясында каза болгон Каратаевдин үй-бүлөсүнө унаа белек кылды


 Бүгүн 16-мартта президент Садыр Жапаров 2021-жылдын апрель-май айларында кыргыз-тажик чек арасында болгон жаӊжалда курман болгон Мамасалы Каратаевдин үй-бүлөсүнө унаа белек кылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, өлкө башчынын атынан берилген унааны президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Каратевдердин үй-бүлөсүнө тапшырды.
 
Облус башчысы маркумдун үй-бүлөсүнө мындан ары да ар дайым мамлекет тарабынан керектүү жардамдар берилип, көзөмөлдө болорун билдирди.
 
Эске салсак, М. Каратаев чек ара окуясында тажик аскерлеринин огунан курман болгон. Анын унаасы талкаланган. Маркумдун артында жубайы жана 6 баласы калган. Маркумдун уулу буга чейин атасынын унаасын калыбына келтирип, айдагысы келгендиги боюнча кайрылуу жасаган. Маркумдун үй-бүлөсү учурда чек ара окуясында каза болгон жарандар үчүн курулган Мадина шаарчасында жашайт. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter