У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Дипломум жасалма болчу». Кочкордо мугалим асынып алды


Кочкор районунда башталгыч класстын мугалими жасалма диплом менен иштеп жүргөнү үчүн асынып алды. Бул тууралуу Тurmush басылмасы маркум иштеген мектептин директорунун билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.
 
Маалыматка ылайык, окуя 9-мартта болгон. Маркум мектепте 2010-жылдан бери башталгыч класстын окуучуларына билим берип келген. 
 
Райондук прокуратура бир ай мурда мугалимдердин дипломун текшере баштаган. Февралдын аягында прокуратурадан мектептин жетекчисине чалып, маркумдун прокуратурага чакырып жатканын айткан. Маркум 7-мартта директордон уруксат сураган. 8-март күнү ал жумуштан кетүү боюнча арыз жазган. Арызын мектеп жетекчисинин үйүнө алып келип берген. 
 
«Арызды алып келгенде 4-классты бүтүрүп коюп кет деп айткам. Ал дипломум жасалма болчу, көп акча төлөп калам го, коркуп жатам. Арыз сизде калсын деген»,—деп билдирген директор. 
 
9-март күнү мектеп дирокторуна кайра прокуратурадан чалышып, маркумдун кечигип жатканын айтышкан. Директор маркум менен байланышканда ал чыгып жатканын айткан. Ошондон 20 мүнөт өткөндөн кийин эле анын асынып алганы белгилүү болгон. Бул суук кабарды мектеп жетекчиси мектепке келгенде мугалимдерден уккан. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter