У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кытайда мугалим окуучуну аесуз сабап, окуучу ооруканада көз жумду

Кытайдын Сычуань провинциясындагы мектепте математика мугалими башталгыч класстын окуучусун эки туура эмес жообу үчүн аесуз сабаган. Бул тууралуу Oriental Daily кыздын үй-бүлөсүнүн маалыматына таянып жазып чыкты. 
 
 
Маалыматка ылайык, 10-сентябрь күнү Кытайда мугалимдер майрамы болуп, башталгыч класстын окуучусу, 10 жаштагы кыз ал күнү мектепке мугалимдерди куттуктаганы гүл көтөрүп келген. Гүлдү өзүн сабап өлтүргөн математика мугалимине да берген. 
 
Окуя болжол менен эртеӊ мененки саат 9:00дор чамасында болгон. Сабак учурунда математика мугалими кызга суроо берген, ал эки суроого туура эмес жооп берип алган. Ага ачууланган мугалим кызды тизелетип отургузуп, кулагынан чоюп, башка чаап сабаган. Кыз ордунан тура албай албай калганда гана мугалим сабаганын токтоткон. Сабалган кыз ордуна классташтарынын жардамы менен барып отурган. 
 
Арадан 3 саат өткөндөн кийин, мугалим кыздын чоӊ энесине чалып, кызды мектептен алып кетүүсүн суранган. Чоӊ энеси мектептке келгенде кыз көзүн ача албай, сүйлөй албай калган. Кызды дароо эле ооруканага жеткиришкен. Тилекке каршы, дарыгерлер кызды сактап кала алышкан эмес. 
 
Кыздын чоӊ энесинин айтканына караганда, математика сабагынан берген мугалим көп учурда балдарды сабап жазалагандыктан, каза болгон кыз математика сабагынан берген мугалимдин сабагына катышкандан аябай коркчу экен. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter