11-апрелде вирус жуктурган дагы 41 учур катталды, жалпы 339
- 11.04.2020, 10:32,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
11-апрелде өлкөдө вирус жуктурган дагы 41 учур катталганын Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде билдирди.
Жаңы катталгандар: Бишкекте-12, Чүй облусунда -3, Ош облусунда- 18, Ош шаарында -6, Нарын облусунда-2 адам. Ушул менен илдетке чалдыккандардын саны 339 адамга жетти.
Маалыматка ылайык, бүгүн беш жаран айыгып үйүнө чыгарылды. Жалпысынан ушул күнгө чейин 44 адам айыгып чыкты.