У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өлүм алдындагы кат. Токтогулда кош бойлуу келин асынып каза болду


Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 24 жаштагы кош бойлуу келин өз жанын кыйды. Ал өз өлүмүнө кимдер себепкер экенин билдирген кат калтырып кеткен. Катта анын өлүмүнө жолдошу жана жеӊеси себепкер болгону айтылган.  Бул тууралуу «Турмуш» маркумдун жакындарынын билдирүүсүнө таянып жазып чыкты. 
 
Маркумдун 5 айлык боюнда болгон. Жубайлар 2017-жылы баш кошуп, үч жашар кызды тарбиялашкан. Окуя 2021-жылдын 2-ноябрында болгон. С.к.С үйдүн короосуна асынып алган. Анын жакындары бул окуяга тиешеси бар адамдар жоопко тартылбай жатканын айтышууда. Учурда бул иш боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын ИИМ билдирди.
 
Маркумдун агасы Бакыт Назаралиев карындашы эки ай мурда күйөөсү менен уруша кетип, үйүнө келгенин, көп өтпөй күйөөсү келип, кечирим сурап, алып кеткенин, бирок бул тууралуу ал эми билип жатканын айткан. 
 
«Бул тууралуу мага азыр айтып жатышат. Ал өз өмүрүнө сол салардан мурда -«Менин өлүмүмө күйөөм менен жеӊем күнөөлүү, алар дайыма мени басмырлап кемситип келишкен»-, деп жазылган катты сүрөткө тартып Москвадагы жеӊеме  жөнөткөн экен. Ал кезде мен борбордо болчумун. Биз окуяны угуп күйөө балабыздын үйүнө барсак, карындашым асынып алыптыр. Анын күйөөсү көрүп калып, жипти чечип койгон экен. Асынып алган жер анчалык бийик эмес болгондуктан бизде күмөнсүнүү пайда болду. Анын телефонун милицияга барганда алдык. Башында жок деп бербей коюшкан. 
Катта ал өзүн -өзү өлтүрүүгө түрткөндөрдү көрсөтөт. Бирок бул адамдардын эч кимиси кармалган жок. Бизде шектенүүлөр болгондуктан соттук-медициналык экспертиза өткөрүүнү чечтик. Адис Таш-Көмүр шаарынан келген. 24 саат болсо дагы өлүкканада күттүк», - деп билдирген Назаралиев.
 
Ал ошондой эле каттын туп нускасын таба албай жатканын айткан.
 «Мен эжемдин кол жазмасын билем. Менде мурдагы кол жазмалары бар, кат карындашыма таандык. Бирок каттын туп нускасын таппай жатабыз», - деди ал.
 
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2-ноябрь күнү саат 16:00дөр чамасында 1997-жылы туулган С.к.С.нын сөөгү сарайдан асынып алган абалда табылган. Окуя болгон жерге келген ыкчам-иликтөө тобу сөөккө сырттан текшерүү учурунда күч колдонуу менен өлүмдүн белгилерин табышкан эмес.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренесинин 1-бөлүгү (өзүн -өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Тийиштүү экспертиза дайындалган.
 
Окуя болгон жерге кароо жүргүзүү мезгилинде С.к.С.тин 1991-жылы туулган күйөөсү А.З.га таандык болгон телефон табылып, С.к.С.тин өлүмүнүн алдында чакмак баракка жазылган каты сүрөткө тартылып, WhatsApp аркылуу жөнөтүлгөнү, маркумдун өз өмүрүнө сал салуусуна күйөөсү З.А. менен Н. аттуу жеңесинин дайыма кемсинтип келишкени себеп болгону жазылганы аныкталган.
 
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter