У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ат-Башыда 50 жаштагы жаран келинин өлтүрүп, анда соң өз жанын кыйган


     Нарын облусунун Ат-Башы районунун 50 жаштагы тургуну келинин өлтүрүп, андан соң  өз жанын кыйган. Бул тууралуу Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-июнда саат 6.30 чамасында Ат-Башын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө токойдон алыс эмес жерде жайгашкан Дамбы участкасында эркек киши асынып өлгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган билдирүү Ат-Башы РИИБдин каттоосуна алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Милиция кызматкерлери барганда эркек киши асынып каза болгон Ат-Башы районунун 1971-жылы туулган тургуну Е.К. экенин аныкташкан.

Маркумдун сыртынан кароо жүргүзгөн учурда анын мойнунда жиптин издери жана оң колунун манжаларын ички беттери курч буюм менен кесилген жаракаттары бар экендиги аныкталган.

Белгиленгендей, ошол эле күнү Е.К. асынып өлгөн жерден 500 метр алыстыкта аялдын сөөгү табылган. Жабырлануучу 1983-жылы туулган жергиликтүү тургун К.Н. экени аныкталган.

Маркумдун сыртынан кароо жүргүзгөн учурда анын денесинде күч колдонулган белгилер аныкталган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, К.Н.ны  бир тууган кайын агасы Е.К. таш менен чаап, учтуу буюм менен сайып өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш  башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр сурак алынды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter