У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Асел Кадырбекова: "Ошто дарыгерлерди мажбурлап иштетип жатышат"


Ырчы Асел Кадырбекова учурдагы кырдаалга байланыштуу дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирип, алардын эмгеги бааланбай жатканын жазып чыкты. Анын айтымында Оштогу дарыгерлерди мажбурлап иштетип, эс алууга чыккандарга акы төлөбөй жатышат. Ырчынын жазганын өзгөртүүсүз беребиз.

"Кыргызстанда закон иштейби деги? Азыр дүйнө жүзүндө мындай кырдаалда кыргыз элиме чыдамкайлыкты тилеп кетет элем. Бүт медицина кызматкерлери өздөрүн тобокелге салып, элге жардам бергени жүрөктү жылытат.  Биздин да медицина кызматкелери ушундай кырдаалга колдорунан келген жардамдарын беирип жатышат. Таазим кылабыз барыныздарга!
Ошондой болсо да Ош шаарында медицина кызматкерлерин мажбурлап иштетип жатышат экен. Кетсеңер акы төлөнбөөчү эс алууга, «үй шартыма байланыштуу» - деп арыз жаздырып жатышыптыр! Пенсияда болуп иштеп жаткан кызматкерлерди «зона рискте» деп кетирбестен. Кайра иштебесеңер  келип арызыңарды жазып кеткиле, деп коркутуп жатышат экен.  Мамлекет башчы бүт медиктерге айлык акылары сакталаарын айтканын кулагыбыз менен уксак да, кээ бир жетекчилер башчынын берген  буйругун аткарбай, өз башымча болгону бизде дагы деле болсо коррупция токтой электигин билдирет
!" дейт ырчы.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter