У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Суу районунда жасалма акча сатууга аракет кылгандар кармалды


 Кара-Суу районунда жасалма акча жасаган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
 
Анын айтымында, 2022-жылдын 3-мартында Кара-Суу районунун ички иштер башкармалыгына белгилүү бир жаран ири өлчөмдө жасалма АКШ долларын сактап, сатууга камынып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошол эле күнү Алай районунун 36 жаштагы тургуну жана Жалал-Абад облусунун 29 жаштагы тургуну жасалма банкнотторду сатып жаткан жеринен кармалган.
 
Текшерүү учурунда күрмөнүн чөнтөгүнөн 7 жасалма 100 долларлык банкнот табылган. Шектүү 57 долларлык купюраларды сатуу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси "Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо" боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалгандар күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алып, көрсөтмө беришти. Алар убактылуу кармоочу жайга камалды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter