Уурулар колундагы баштыгын жулуп кеткен 80 жаштагы эне каза болуп калды
- 10.04.2020, 11:54,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Россиянын Казань шаарында карантин учурунда карыган эненин колундагы азык-түлүк салынган баштыгын беткап кийген жарандын жулуп кеткен видеосу тараган. Окуя катталгандан кийин кошуналары карыган энеге азык-түлүк алып берип, капчыгында канча акчасы болсо ошончо акча беришкен. Бирок 80деги эне абдан ызалангандыктан, кан басымы көтөрүлүп кеткен. Жыйынтыгында окуя болгондон 3 күн өтпөй, жабырлануучу кайтыш болуп калганы маалым болду. Кошунасы окуя энеге катуу таасир бергенин, кан басымы түшпөй катуу ыза болгондугун айтып берген.