У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Текшерүү учурунда кымбат баада ун сатып алган жаранга калган акчасы кайтарылып берилди



Акыркы 3 күндө  өлкөнүн бардык базарларында азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап, эл ызы-чуу түшүп азык-түлүк жыйнап жатканы маалым болду. Өзгөчө ун, кумшекерге болгон талаптын көптүгүнөн алардын баасы болуп көрбөгөндөй кымбаттаган. Мындан улам КР Премьер-министри Мухамметкалый Абылгазиев  Бишкектеги айрым базарларды, соода-түйүндөрүнө барып, азык-түлүктөрдүн бааларына көз чаптырды. Ошондой эле  Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев да базарларга барып, бааны негизсиз көтөргөндөр жазасын алаарын айткан. 

Бул милдет 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына тапшырылып, текшерүү иштери башталган. Текшерүү учурунда унду 2000 сомдон сатып алган жарандын  калган акчасы соодагерлер тарабынан сатып алуучуга кайтарылып берилип, бааны негизсиз көтөргөндөргө кылмыш иши козголгон. 



 Ошондой эле мекеменин алдында жумушчу топ түзүлүп, массалык сатуу, сатып алуулар болуп жаткан жерлерге күнү-түнү  барып, бааны көзөмөлдөй турган  болушту. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter