У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түндүк-түштүк жолундагы кар көчкүдө калгандардын бирөөнүн сөөгү табылды


Түндүк-түштүк альтернативдүү автожолунун (Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад) 340-чакырымындагы кар көчүдө калгандардын бирөөнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
  
Маалыматка ылайык, ал Адилет Көккөзов экени аныкталды. Куткаруучулар аны өзү айдап жүргөн жүктөгүч техникасынын ичинен табышкан.
 
Эске салсак, түндүк-түштүка жолундагы кар көчү астында 4 адам калган. Алардын үчөө кытай жараны, бирөө кыргыз жараны экени айтылган. 24 жаштагы маркумду туугандары менен куткаруу кызматы 14-февралдан бери издеп жатышкан. 
 
Ал эми "Чайна Роуд" ишканасынын дагы үч жумушчусу кар көчкү алдында калып табыла элек.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter