Дарыгерлердин дипломдору, диссертациялары, илимий иштери текшерилет. Бул тууралуу 19-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясында министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Ал белгилегендей, санариптештирүү алкагында дипломдор, диссертациялар жана илимий иштер текшерилет.
«Биз дарыгерлердин ишин да текшердик. Кечээ мага бардык отчетторду алып келишти. Кээ бир дарыгерлердин дипломун кайдан жактаганын да таба албай жатабыз. Муну текшерген орган бар. Биз жөн гана маалыматтарды беребиз, тиешелүү органдар чечим кабыл алат», - деди ал.