У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алымкадыр Бейшеналиев: Сабырбек Жумабековдун докторлук диссертациясын таппай жатышат


Сабырбек Жумабековдун докторлук диссертациясын таппай жатышат. Бул тууралуу 19-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясында министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
 
Ал белгилегендей, санариптештирүү алкагында дипломдор, диссертациялар жана илимий иштер текшерилет.
 
«Биз дарыгерлердин ишин да текшердик. Кечээ мага бардык отчетторду алып келишти. Сабырбек Жумабековдун докторлук диссертациясын таппай жатышканын билдиришүүдө. Эми бул маселени көтөрсөк кайра баштады деп айтышат. Кээ бир дарыгерлердин дипломун кайдан жактаганын да таба албай жатабыз. Муну текшерген орган бар. Биз жөн гана маалыматтарды беребиз, тиешелүү органдар чечим кабыл алат», - деди ал.
 
«Известные ученые» сайтында Жумабеков 1995-жылы Москвадагы (Россия) Москва медициналык академиясында «А.И.Блискуновдун аппараты менен жамбаш сөөгүн узартуу» аттуу докторлук диссертациясын жактаганы айтылат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter