Лейлекте адам өлтүрүүгө шектелип тажик жараны кармалды
- 10.02.2022, 12:46,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Лейлек районунда адам өлтүрүүгө шектелип 53 жаштагы Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин милицияга Лейлек районунун жараны кайрылган. Ал 58 жаштагы атасы Э. дайынсыз болуп жатканын айткан. Атасы Исфанада чайкана иштеткен.
«Чайкананын аймагын текшерүү учурунда көмүрканадан адамдын сөөгү табылган. Денеде зомбулук менен өлүмдүн издери бар экени аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Тажикстандын Согди облусунун тургуну, 53 жаштагы Х.А. кармалган. Ал кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн Самаркандек айылына качып кеткен. Маалым болгондой, ал чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп билдиришти башкармалыктан.