У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түрк жаранына турмушка чыгуудан баш тарткан кыргызстандык кыз мойнунан жаракат алды

Стамбулдагы мейманканалардын биринде кыргызстандык кыз мойнунан жаракат алды. Шектүү бул өзүн-өзү өлтүрүү аракети болгонун айтууда. Бул тууралуу түркиялык Hurriyet.com басылмасы билдирди.
 
Кыргызстандын 28 жаштагы жараны Перизат Т. мойнунан жаракат алган.
 
 Басылманын маалыматына караганда, окуя 17-январга караган түнү Стамбулдун Умрание районундагы мейманканалардын биринде болгон. 
 
Кыргызстандык кыз милицияга билдиргендей, 40 жаштагы Кадыр менен таанышканына 3 ай болгон. Ошол түнү Кадыр менен урушуп кеткен. Андан соӊ жууну үчүн жуунучу жайга кирип кеткен. Артынан кирген шектүү сыранын бөтөлкөсүн талкалап, сыныктары менен моюнун кесип салган. Кадыр ага үйлөнүү сунушун киргизген, бирок ал макул болбой койгон, ошондон улам чыр чыккан.
 
Шектүү кармалган. Ал Перизат өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылганын айтып, бардык айыптарды четке какты. Анын айтымында, алар дайыма мейманканаларда жолугуп турган, окуя болгон күнү уруша кетишкен. Шектүү Перизаттын мас болгонун айтып, аны чыккынчылыкка айыптаган.
 
Шектүүнүн айтканына караганда кайым айтышуудан кийин кыргызстандык кыз сыра куюлган стакан менен жуунучу жайга кирип кеткен, бир аздан кийин шектүү стакандын сынганын уккан. Жуунучу жайга киргенде Перизаттын колундагы жаракаттарды көргөн. Ал агып жаткан канды токтотууга аракет кылган. Бирок Перизат каршылык көрсөтүп, айнектин сыныгы менен өзүнө жаракат келтире берген. Ал өзү да жаракат алганын белгилеп, жалган көрсөтмө бергендиги үчүн Айгүлдүн үстүнөн сотко арызданууга даяр экенин белгилеген.
 
Тергөө иштери уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter