Ноокенде милиция кызматкери дааратканада өзүн атып каза болду
- 27.01.2022, 14:34,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда милиция кызматкери өзүн-өзү атып каза болду. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалыматты тастыктады.
Маалыматка ылайык, 26-январь күнү саат 17:30дар чамасында Ноокен районунун нөөмөт бөлүмүнүн кызматкери 1989-жылы туулган милициянын улук сержанты Р.Т., белгисиз себептер менен дааратканада өзүнө бекитилип берилген «Тульский Токарев» (Т.Т.) үлгүсүндөгү курал менен өзүн башка атып алган. Ал алган жаратынан улам, ошол жерден каза болгон.
«Окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБдин жана күзөт бөлүмүнүн жетекчилиги, Ноокен районунун прокурору, Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин тергөө ыкчам топтору барып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулган. Топтолгон материалдар Ноокен РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине өз өмүрүн кыюу болуп катталды. Материалдар райондук прокуратурага өткөрүп берилди», - деп билдирди облустук ИИБ басма сөз кызматы.