У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бычактап өлтүрүп, көмүп салган. Ноокенде адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды


 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда өзгөчө оор кылмышка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматкы ылайык, 21-октябрда Ноокен РИИБнин «102» кызматына Маса айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылынын тургундарынан билдирүү түшкөн. Алар Богот участкасынын түндүк тарабындагы талаада казылган чуңкурдан зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгисиз адамдын сөөгү табылганын билдиришкен.
 
Окуя болгон жерге Ноокен районунун прокурору жана РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган. Алар окуя болгон жерди карап, схема түзүп, ишке керектүү материалдарды чогултулуп алынган.
 
Сөөктү сырттан кароо учурунда болжол менен 35-40 жаштардагы адам экени, сөөктүн көптөн бери ушул ал жерде жатканы, дене чирип сөөктөрү көрүнүп калганы аныкталган жана тиешелүү буюмдар материалга далил катары алынган. 
 
Аталган фак Ноокен РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренесинин негизинде (Киши өлтүрүү) сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Анын алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам кызматтарга тергөө тапшырмалары берилген.
 
Жүргүзүлгөн иштердин негизинде маркум Ноокен районунун 39 жаштагы М.М.аттуу жараны экени такталган.
 
Ноокен РИИБнин криминалдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектүү катары ушул эле райондун тургуну 1972-жылы туулган Т.А. камакка алынган.
 
Сурак учурунда Т.А. окуя 2021-жылдын 9-октябрында болгонун, Богот участогундагы үйдө досу М.М. менен спирт ичимдиктерин ичкенин, алардын ортосунда уруш чыгып, натыйжада Т.А. маркумга бычак сайып салган. Ал ошол жерден каза болгон. Т.А. өлүктү араба менен айылдын четиндеги ээн адырлуу талаага алып барып, сөөктү жарым-жартылай өрттөп көмүп салган. Далили катары араба, бычак жана башка буюмдар алынган.
 
Ноокен райондук сотунун чечими менен шектүү 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter