У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сокулукта энеси менен баласын сабап, 1 миллион 200 миң сомун алып кеткендер кармалды


 Каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
10-январь күнү саат 22:45те милицияга Сокулук районундагы айылдардын биринин тургундарынан телефон чалуулар түшкөн. Ошол күнү алардын үйүнө беткапчан кылмышкерлер киришкен. Алар 50 жаштагы аялды жана анын 33 жаштагы баласын таяк менен сабап, 1 миллион 200 миң сомун алып кетишкен.
 
Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («каракчылык») менен КЖБРине катталды.
 
Чүй облусунун ИИБнын жана Сокулук РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Ш.А. жана 44 жаштагы Х.Р. жана Ю.И.кармалды. 
 
Кармалгандардын биринде 551 миң сом, экинчисинде 85 миң сом бар экени аныкталган. Кылмышка шектүүлөр акчаны үйүнө катып коюшкан.
 
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter