У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте өспүрүмдү сүзүп кеткен айдоочу баланын чөнтөгүнө 200 сом салып качып кеткен


 Бишкекте 11 жаштагы өспүрүмдү сүзүп кеткен айдоочу баланы үйүнө жеткирип, чөнчөгүнө 200 сом салып коюп качып кеткен. 
 
Маалыматка ылайык окуя 17-январь күнү кечки саат 19:30дар чамасында Юнусалиева-Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
 
Күмүш түстөгү «Тойота Марк 2» унаасын айдап бара бара жаткан айдоочу жөө жүргүнчүлөр өтө турган белгиден баланы сүзүп кеткен. Анан аны унаага отургузуп, үйүнө жеткирип, чөнтөгүнө 200 сом салып, көздөн кайым болгон.
 
Бала травматологияга ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган. Баланын ата-энеси бул окуяга күбө болгондорду 0777211934 жана 0550623053 номурлары аркылуу байланышууну суранат. 
 
Милиция бул окуяны тастыктап, учурда күнөөлүү айдоочу изделип жатканын билдирди. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter