Акыркы бир суткада 781 адам вирус жуктуруп, 3 киши каза болду
- 17.01.2022, 11:40,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Кыргызстанда бир суткада 781 адамдан вирус аныкталды. Анын ичинен дарыгерлер 36 жаңы учуру аныкталганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында -658, Ош шаарында -11, Чүй облусунда- 48, Таласта -14, Нарында -3, Ысык-Көлдө -6, Жалал-Абадда -14, Баткенде- 27 адамдан коронавирус аныкталган.
Ал эми бир суткада үч адам коронавирустан каза болду. Алар Бишкек шаарынын жашоочулары болгон. Бейтаптар эмдөөдөн өткөн эмес.
2020-жылдын март айынан бери расмий маалыматтар боюнча өлкөдө коронавирустан 2833 адам каза болгон.