Кыргызстанда акыркы ббир суткада коронавирус инфекциясынын 341 жаңы учуру аныкталды, 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында- 151, Ошто - 3, Чүй облусунда - 93, Ошто - 1, Таласта - 15, Нарында - 11, Ысык -Көлдө - 29, Жалал -Абадда - 22, Баткенде - 16 катталган.
2020-жылдын март айынан бери республикада пневмония жана COVID-172ден жуккан 172 миң 668 учур катталды.
Кыргызстанда суткасына дагы алты адам коронавирустан көз жумду. Үч өлүм Бишкекте, экөө Ысык-Көл облусунда жана бирөө Чүй облусунда катталган.
Расмий маалымат боюнча, 2020 -жылдын март айынан бери өлкөдө 2457 адам коронавирустан көз жумган.