У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте 28 жаштагы келин үч эм төрөдү


Бишкекте 28 жаштагы келин 3 эм төрөдү. Репродукция борборунун директору Нургүл Шоонаеванын айтымында, Бишкек шаарынын 1992-жылы туулган тургуну 13-январда борборго кош бойлуулугу 34 жума 5 күн, үч эм деген диагнозу менен түшкөн. Ал кош бойлуу аялдардын патологиясы бөлүмүнө жаткырылган. Бул анын экинчи кош бойлуулугу, экинчи төрөтү болгон.
 
Кош бойлуу аял преэклампсия оорусуна байланыштуу ошол эле күнү шашылыш кесарево операциясына алынган.
 
Бир уул, 2 кыз төрөлгөн. Биринчи баланын (уулдун) төрөлгөндө салмагы 2150 грамм, экинчи наристе (кыз) 2250 грамм жана үчүнчү наристенин (кыз) төрөлгөндө салмагы 1850 граммды түзгөн.
 
«Операция техникалык кыйынчылыктарсыз өттү. Учурда келин реанимацияда жатат, абалы туруктуу. Балдар балдар бөлүмүндө, абалы орточо оор, туруктуу. Балдардын жана төрөттүн абалына динамикалык мониторинг жүргүзүлүүдө», — деди Нургүл Шоонаева.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter