У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик омикрон штамын жуктуктуп алган эки бейтаптын абалы тууралуу айтты


13-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коронавирустун омикрондук штамы менен ооруган 2 бейтаптын абалы тууралуу айтып берди.
 
Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн брифингде билдирди.
 
Алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин Улуттук вирусологиялык референттик лабораториясы 2021-жылдын 25-декабрынан 2022-жылдын 5-январына чейин 165 оң үлгү даярдаган.
 
Бул жогорку вирустук жүктөмдүү үлгүлөр секвенирлөө үчүн Улуттук фтизиатрия борборунун референттик лабораториясына жөнөтүлгөн.
 
Секвенирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылгандарга таандык 2 бейтаптан омикрон штамы табылган.
 
«Бул бейтаптар ушул ооруканада дарыланып жатышат, алардын абалы туруктуу, деди»,- ал.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter