У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аламүдүн РИИБдин тергөөчүлөрү пара талап кылууга шектелип кармалды


 Милиция кызматкерлери пара талап кылууга шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
 
13-ноябрда УКМКнын жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү кармалды.
 
Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, милиция кызматкерлери жаран Н.Д. 70 миң сом пара талап кылган. Алар алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуп беребиз деп убада кылышкан.
 
10-ноябрда тергөөчүлөр Г.М.Ш. жана Б.К.Н. бул сумманы алган. Н. Д акчаны картага которгон. Ал эми 12-ноябрда тергөөчү Г.М.Ш. кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтом чыгарган.
 
Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү («Опузалап пара талап кылуу») менен КЖБРине катталды.
 
Тергөөчү Г.М.Ш. УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter