26-ноябрда жана 27-ноябрда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.
26-ноябрда көпчүлүк аймактарда, 27-ноябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдордун тоолуу аймактарында кар күрткүсү түшүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
26-27-ноябрда абанын температурасынын кескин төмөндөшү күтүлөт: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз -3°…+2° суук,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5° жылуу,
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° суук болот.
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1°…-6° чейин суу болот,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2°…-7° суук,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27 градуска чейин, күндүз -10...-15 градуска чейин үшүк жүрөт.