У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Оштогу ооруканада сасык тумоо менен ооруган 310 бала дарыланууда


Ош облустук балдар ооруканасында пневмония менен ооруган балдардын саны көбөйүп, абал оор бойдон калууда. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Шаятбек Абдурахманов тастыктады.
 
Анын айтымында, бүгүнкү күндө облустук балдар ооруканасында 595 бала дарыланууда. Алардын ичинен 310у оор сасык тумоо менен ооруп, пневмонияга айланган.
 
«Азырынча абал турукташа элек. Биз тез арада ооруканага жаткырууга муктаж болгон оор оорулууларды гана кабыл алабыз. Кошумча керебеттер даярдалды. Дары-дармектер, дарылар жетиштүү. Бир гана көйгөй – бейтаптар үчүн орун жетишсиз. Анткени бизге башка райондордон, облустардан келген бейтаптар дарыланып жатышат. Кабыл алуу бөлүмдөрүндө мурда бир дарыгер болсо, азыр төртөө болуп калды. Күн сайын кошумча түрдө райондордон бирден дарыгер күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ооругандардын саны эки эсеге көбөйдү», - деди Ш.Абдурахманов.
 
Өткөн жылы оорулуулардын эң көп саны 140-150 адамга жеткен. Быйыл 300дөн ашык оорулуулар бар.
 
«Биздин милдет – ар кандай кырдаалда бейтаптарды дарылоо. Быйыл сасык тумоо балдардын өпкөсүнө дароо таасир этет. Мындан улам пневмонияга чалдыккандардын саны көбөйүүдө. Пневмониядан ымыркайлардын өлүмү катталган жок», - деп кошумчалады ал.
 
Буга чейин коллегияда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору пневмония менен ооруган бейтаптар үчүн керебеттердин жетишсиздигин айтып чыккан.
 
Облустук балдар ооруканасына сасык тумоо менен кайрылган балдардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу Ош шаардык ооруканасы 60 койка даярдады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter